Демянчук, Григорий

Википедия дан

Демянчук Григорий Степанович (1918, Калинин ооданы, азыркы Жайыл ооданы, Сосновка айылы-1970, Бишкек шаары) - мамлекеттик жана партиялык ишмер.

1943-жылдан КБКП мүчөсү. Эмгек жолун 1039-жылы Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институтун бүткөндөн кийин, Ысык-Көл дубандык ветеренария башкармасында начальник болуп иштөөдөн баштаган.
1940-48-жылдары Кеңештик Армиянын (Владивосток шаары) катарында кызмат өтөгөн.
1948-54-жылдары Кара-Буура (мурунку Киров) районундагы “Жоон Дөбө” совхозунда башкы ветеренария врачы, мүдүр болуп иштеген.
1954-56-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинде айыл чарба башчысынын орун басары. Андан кийин КБКП БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепте окуган.
1958-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер төрагасынын орун басары.
1960-69 жылдары Республиканын айыл чарба министрлигин тутумунда, 1969-70 жылдары Республиканын элдик көзөмөлдөө комитетинде эмгектенген.
Демянчук Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл дубаны энциклопедия. Бишкек 1994-жылы.