Денени чыңдоо

Википедия дан

Денени чыңдооадам организмин табияттын жагымсыз факторлорунун таасирлерине (суукка, ысыкка, күн радиациясына) каршы чыдамдуулугун жогорулатуу. Табигый факторлор – аба , суу , күн нуру денени чыңдоонун негизги каражаты болуп эсептелет. Денени чыңдоодо организмдин жылуулукту жөнгө салуусун өркүндөтүү өзгөчө мааниге ээ. Себеби, ал сырткы чөйрөнүн ар кандай температуралык шартында организмдин жылуулук тең салмактуулугун сактоо жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына өбөлгө түзөт. Ошондуктан ысыкка, суукка, күн нуруна денени чыңдоо өтө маанилүү. Ысыкка денени чыңдоо үчүн ысык убакта спорттук оюндарды ойноо, күн ачык жерде жүрүү, күнгө кактануу жана башка аткаруу керек. Бул учурда теринин коргонуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Суукка жана башка дагы өзгөчө мааниге ээ. Мында дене көп жугуштуу ооруларга байымдуу келип, оору жеңил өтөт. Денени чыңдоону бала чактан баштап, таза абада жүрүп, муздак сууга жана башка көнүгүү керек. Денени чыңдоодо адамдын жаш курагы, ден соолугу, климат шартына ыңгайланышы, дененин чыңалуу даражасы сөзсүз эске алынууга тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1