Дешт-и кыпчак

Википедия дан

Дешт-и кыпчак – Кыпчак талаасы, 11–16-кылымдын жазма булактарынан белгилүү болгон, Борбордук Азиянын Түндүк-батышынан орун алган тарыхый-географиялык аймак. Түштүгүндө Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын төмөнкү алабынан баштап, түндүгү Урал тоолорунун жарымы, чыгышында Батыш Алтай жана Иртыш өзөнүнүн эки өйүзү; батышы Дунайдын төмөнкү агымына чейинки жерлерди кучагына алган. Бул аталыш алгачкы ирет (1030) фарсы акыны На сир-и Хосровдун дастанында эскерилет. Аймакта башка калктар (огуз жана башка тилдүү түрк уруулар, финн-угорлор жана башка) жашаса да, кыпчактардын саясий ролунун өсүшүнөн улам фарсы тилинде Дешти-и кыпчакдеп аталган. Орус жылнаамаларында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы» деген ат менен да белгилүү. Моңгол чабуулунан кийин деле бул аймак өзүнүн атын сактап, Урал (Жайык) суусунун чыгыш жак бөлүгү Ак Ордого карайт. Бул аймакта жашашкан уруулардын көбү кийинчерээк Орто Азия менен Казакстан элдерин кураган түрк элдеринин курамына кирип, алардын этностук бөлүгүн түзгөн.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1