Деңиз физикасы

Википедия дан

Деңиз физикасы - геофизика илиминин деңиздер менен океандардагы физ. процесстерди изилдөөчү бөлүмү.

Ал дениз, океандардагы агым, ташкын, шамал жана толкундарды, деңиз тереңиндеги жылуулуктун таркалышытт, суу тыгыздыгынын темпера менен туздуулукка жараша өзгөрүшүн, сууда жана анын тереңинде күн нурунун, үндүн таркалышын, деңиз суусунун бууланышын, деңиздердеги муздарды, деңиз менен атмосферанын байланышын ж. б. изилдейт.

Аларды изилдөөнүн эл чарбасы үчүн зор мааниси бар. Мисалы, деңиз транспорту үчүн океан, деңиз жээгиндеги ташкындарды изилдеонун, жээктеги портторго деңиз ташкындоосун жана тартылуусун изилдоо жана прогноздоонун мааниси өтө чоң. Деңиздердин жылуулук балансын анализдөө деңиз суусунун тоңуш мөөнөтүн, муздун турушун жана бузулушун аныктоого жардам берет.

Деңиз тереңдигин үн менен өлчөө, күн бүркөктө суу астындагы сигнализация, өзгөчө аскер-деңиз техникасы үчүн дениз акустикасын изилдөө зор маанигө ээ. Деңиз тереңиндеги жарык нурлары деңиздеги тиричиликке жана суучулдардын ишине таасир эткендиктен аларды билүүнүн мааниси чоң. Дениз физикасы илимин өркүндөтүүдө П. Лаплас (Франция), Ж. Эри жанa Ж. Дарвин (Англия), В. В. Шулейкин (СССР) ж. б. окумуштуулардын эмгектери зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.