Джукун (эл)

Википедия дан

Джукун (джукум, джукон, кпанзо, ндама, квана; өз аты: вапа, авапан) — Нигерия (200 миң адам) жана Камерун (70 миң адам) өлкөлөрүндө жашаган эл.
Жалпы саны 270 миң адам.
Джукун эли джибу, кона, вукари, абинси (абисси) топторго бөлүнөт.

Джукун

Джукун кыздары
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 270 миң адам
 Нигерия — 200 миң
 Камерун — 70 миң

Тили

джукун

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери,
Ислам

Расалык тиби

негроид

Тил

Негизги тил — джукун (джибу жана коророфа диалектилерине бөлүнөт). Ал тил бенуэ-конго уясына кирет. Жазуусу латын алфавиттин негизинде.
Хауса тили кеңири таралган.

Дин

Жергиликтүү салттуу ишенимдер (ата-бабалар жана табият күчтөрүнө сыйынуу, магия) сакталууда.
Калктын арасында мусулмандар (сүннөттөр) да бар.

Чарбалык иштер

Салттуу кесиби кол менен иштетилген жер чарбасы (ямс, таруу, сорго, маниок, жер жаңгак, жашылчалар). Мал чарбасы начар өнүккөн, бул райондун цеце чымындары менен ооруганына байланыштуу. Жыйноочулук.

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүктөрдөн карапачылык өнүккөн.

Кийим

Жамбашка оролгон кездеме болгон салттуу кийимдер акырындап европалык үлгүдөгү кийимдерге алмашып жатат.

Тамак-аш

Тамак-ашынын негизин айыл чарба азыктары (ботколор, кайнатмалар, ачуу татымал кошулган кайнатылган жана бышырылган тамыр жемиштер) түзөт.

Турак жай

Үй чарбалары кепелердин тобу: турак-жай, конок, коммуналдык, кампа.
Турак-жайлар план боюнча тегерек, дубалдары сокмо (чопо), чатыры конус сымал, бутактан токулган жана чөп менен жабылган.

Коом

Коомдук уюмдун негизги түрү — көп балалуу үй-бүлөлүк жаамат, уруулук уюм жана эркектер союздары. Нике патрилокалдык. Туугандык эсеп аталык.

Маданият

Элдик оозеки чыгармачылыктын бардык негизги жанрлары кеңири таралган.

Тарых

Элдин уламыштарына караганда, джукун уруулары Камерундун түндүк-чыгышынан көчүп келишкен. 14-19 кылымдарда джукун элинин Коророфа алгачкы саясий бирикмеси болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]