Диас Хосе
| Хосе Диас Рамос | |
| исп. José Díaz Ramos | |
| | |
| Туулган датасы: | |
|---|---|
| Туулган жери: | |
| Өлгөн датасы: | |
| Каза болгон жери: | |
| Жарандыгы: | |
| Партиясы: |
Partido Comunista de España |
| Ишмердүүлүгү: |
профсоюз ишмери, саясатчы, наабайчы |
Диас Хосе (3. 5. 1895, Севилья - 20. 3. 1942, Тбилиси) ― Испания компартиясынын жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери.
Жумушчунун уулу. Жумушчу кыймылына өспүрүм кезинен катышкан. Ал-Улуттук эмгек конфедерациясына кирген профсоюздар уюмунун жетекчилеринин бири. 1920-ж. Севильяда жалпы иш таштоону уюштурууга катышкан. Бир нече жолу түрмөгө камалган. 1925-26-ж. Эл аралык пролет, революциялык уюмда (МОПР) иш жүргүзгөн. 1926-ж. Испания компартиясынын (ИКН) катарына өтөт; ИКПнин Андалузия облустык уюмуна жетекчи, 1932-ж. ИКПнин ген. катчысы. Анын жетекчилиги менен ИКП фашизмге каршы күрөш жүргүзөт.
1935-ж. Комннтерндин 7-конгрессинде Коминтерн Аткомунун мүчөсү. Диас Хосе башында турган ИКП 1936-39-ж. фаш. козголончуларга жана италиялык -германиялык интервенттерге каршы испан элинин улуттук-революциялык согушунда чечүүчү күчкө айланган. республика кулагандан кийин да өз ден соолугуна карабай компартиянын фашизмге каршы күрөшүнө жетекчилигин уланткан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.