Диатом балырлары

Википедия дан
Диатом балырлары.

Диатом балырлары (Bacillariophyta) – бир клеткалуу микроскоптук майда жандыктар. Алар жалгыздап же топтошуп жашайт. Топтошкону жип, тасма, чынжыр, жылдызча жана формасыз плёнка түрүндө болот. Диатом балырлары – балырлардын эң көп таркалган тиби. Жер бетинин бардык бөлүгүндө кездешет. Туздуу, тузсуз сууларда, топуракта, нымдуу аскаларда, да рактардын капталында, мамык чөптөрдүн арасында жана башка жашайт. Диатом балырларынын протопласты цитоплазмадан, ядродон, бир же бир нече саргыч-күрөң хроматофордон жана клеткалык суюктардан турат. Көбүнчө вегетациялык бөлүнүү жана ауксоспоралар (өсүү споралары) менен көбөйүшөт. Ауксоспоралар пайда болору менен абдан чоңоюшуп, кийин жетилген клеткаларга айланат. Ауксоспоралар бир гана диатом балырларына мүнөздүү. Тузсуз сууларда, деңиздерде, көбүнчө планктондордо өсөт. Азыркы мезгилдеги деңиздер жана суу өсүмдүктөр дүйнөсү диатом балырларынын эволюциялык өрчүүсүнүн акыркы этаптарын далилдейт, көптөгөн байыркы түрлөр да сакталган. Алардын 2 классы, 12 миңден ашык түрү белгилүү. Диатом балырлары Кыргызстандын балырлар дүйнөсүнүн 60–70%ин түзөт. Алар менен түрдүү суу жаныбарлары азыктанат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1