Дивиденддер

Википедия дан

Дивиденддер (лат. dividendus бөлүштүрүлө турган) - пайданын акционерлерге жыл сайын бөлүштүрүлө турган бөлүгү.

Дивиденд - компаниянын же ишкананын пайдасынын, компаниянын акцияларын кармоочу, алуучу үлүшү. Кармоочуда акциялар канчалык көп болсо, акциянын ээлик кылуучусу (акционер) компаниянын пайдасынын ошончолук чоң үлүшүн алышы мүмкүн жана рента экономикалык түрткү берүү кызматын аткарат.

Тактап айтканда, акцияларынын санына жараша акционерлерге бөлүнүп берилүүчү акционердик коомдун таза кирешесинин жалпы суммасынын бир бөлүгү. Алардын жалпы көлөмү алынган пайдадан салыктардын, өндүрүштү кеңейтүүгө которуулардын, облигациялар боюнча пайыздык төлөөлөрдүн резервин толтуруу ж.б. суммасын алып таштагандан кийин аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9