Дидиэсы Наньчжу

Википедия дан

Дидиэсы Наньчжу – кытай жылнаамаларында эскерилген кыргыз элчисинин аты. 843-жылдын 8-айында (29-август–27-сентябрь) аскер башчы Дидиэсыкыргыз каганынын атынан Тан империясынын (б. з. 7–10-к. Кытайдагы ири мамлекеттин аталышы) императору Уцзундун кабыл алуусунда болгон. Элчи кыргыз каганынын расмий катын тапшырып, белек катары эки ак боз аргымак тартуу кылган. Жооп катында Тан династиясынын императору кыргыз каганынын элчисин расмий деңгээлде өтө жогору даражадагы урмат-сый менен үч ирет кабыл алгандыгын жана душмандары менен мурунку биргелешкен күрөштү уланта берерин билдирген. Ошондой эле Борбордук Азия жана ага жамаатташ чөлкөмдөгү чекара коопсуздугуна күч-кубаттуу кыргыз кагандыгы тынчтыктын тиреги боло тургандыгы айтылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1