Диких Анатолий Никитич

Википедия дан

Диких Анатолий Никитич (1937-ж. туллган, Фрунзе) – география илимдеринин доктору (1998). 1959-ж. КМУнун география факультетин бүтүргөн. 1959-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тянь-Шань бийик тоолуу физика-географиялык станциясында лаборант, кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, кийин директору, 1995-жылдан КР УИАнын Геология иститутунун директорунун орун басары. Эмгектери Кыргызстанда, ошондой эле Россияда (Москва , Санкт-Петербург , Томск шаарында) жана алыскы чет өлкөлөрдө да басылып чыккан. Гляциология, гидрология жана климатология боюнча адис. Диких – 95ке жакын илимий эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1