Динар

Википедия дан

Динар (лат. denarius – денарий) – 1) aрабдардын байыркы алтын тыйыны. Динардын аталышы Римдин эски күмүш тыйыны – денарийдин атынан келип чыккан. Алгач 7-кылымда чегилип, Чыгыш мусулман элдеринде кеңири тараган. Салмагы 2,4 г. 9–10-кылымда бир динар 15 дирхемге, 11-кылымдын башталышында 20, 11-кылымдын 2-жарымында 45 дирхемге барабар болгон. 1035-ж. 8 кг буудай же 12 кг арпа бир динарга сатылган. 1046-ж. түшүм мезгилинде бир динарга 160 кг жүзүм келген. Өтө кымбат китеп 100 динар болгон. Эгерде жөнөкөй жылкы 20 дирхемболсо, жоокердин аты 300 динар турган. 2) Азыркы Иордания , Иран , Ирак , Алжир , Кувейт , Тунис мамлекеттеринин акча бирдиги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1