Диний секта

Википедия дан

Диний секталар (лат. sekta – ой-пикир мүнөзү, окуу, багыт, мектеп) –өзүнчө диний көз караштарды жетекчиликке алып, жалпы динден бөлүнүп чыккан динчилер тобу. Бардык эле диндерде секталык агымдар, топтор, уюмдар бар. Өзүлөрү туткан көз караш, ой-пикирлерди, принциптерди жана доктриналарды өзгөчө деп эсептеп, башкалардан жогору коюшат, аларга фанатизм мүнөздүү. 20-кылымдын соңунда адамзаттын рухий дүйнөсүнө олуттуу таасири бар социализм өз идеологиясы менен урагандан кийин диний секталар пайда болгон. Диний секталар ортосунда боло бере турган идеялык көз караштардагы, конфессиялык ич ара мамилелердеги пикир келишпегендиктерди, айрым олуттуу карама-каршылыктарды саясий экстремисттер улут аралык, өлкөлөр ичиндеги гана эмес, эл аралык жаңжалдарга айлантып жиберүү коркунучтарын түзүүдө. Ошол эле убакта айрым диний секталардын башка түргө өтүшү же социалдык шарттарга ылайыкташып, өзүнөн-өзү жоюлуп кеткен учурлары да кездешет.

Диний секталар таптык антогонисттик коомдогу өзүнүн абалына канааттанбаган топтордун социалдык каршылыгы катары жаралган, тигил же бул диний багытка каршы турган агым. Ага өзүлөрү туткан көз караш, ой-пикирлерди, принцип жана доктриналарды өзгөчө деп эсептеп, башкалардан жогору коюу, ошол себептүү обочолонуу, фанатизм мүнөздүү. Диний секталар диний институттардын ролун танат, жетекчилик жөндөм кудайдын кудурети менен гана тартууланат деп эсептешет. Бардык мүчөлөрүнүн тең укуктуулугун, уюмга кирүү ар кимдин каалоосу боюнча гана болушун жакташат, элге «кайрылууга» өзгөчө басым жасашат. Көрсөтүлгөн белгилер башка диний уюмдарда да болушу мүмкүн, Диний секталар өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү көп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8