Диний чыгармалар

Википедия дан

Диний чыгармалардиндин идеологиясына, кудайга, пайгамбарларга, олуяларга сыйынып же ошолорго арналып, алардын турмушун жазган же үгүттөгөн чыгармалар. Кыргыздарда ислам динине байланыштуу мындай чыгармаларда, өзгөчө ырларда Мухаммед пайгамбардын улуулугу даңазаланган, ”Курандын” айрым бөлүмдөрү же бүтүндөй баары ырга салынган, төкмөлөр тарабынан аткарылган. Элдик оозеки көркөм прозада ар кыл диний ирваяттар, икаялар, хадистер айтылып, элдин адабий түшүнүгүнө, көркөм сүйлөө өнөрүнө, табитине, жалпы эле тарбияланышына таасир эткен.

Адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3