Диоксин

Википедия дан

Диоксин – чөйрөгө терс таасир этүүчү химиялык уулуу зат; полихлордошкон дибензодиоксин тобуна кирет. Диоксин химиялык, целлюлоза-кагаз, металлургия жана башка өнөр жай тармактарынан чыккан булгоочу зат болуп эсептелинет, ошондой эле өнөр жай жана тиричилик калдыктарын, коргошун кошулмалары бар бензинди, дизель отунун жана башкаларды жакканда, токой өртүндө да пайда болот. Диоксин өтө туруктуу бирикме болгондуктан, топуракта (ажыроо мезгили 10–20 жылдай), өсүмдүктө жана адам организминде (бир нече ай) топтолот. Бүгүнкү күндө диоксиндин канцерогендик жана мутагендик касиетке ээ экендиги аныкталууда. Айрым чет өлкөдө (АКШ , Швеция , Германия жана башка) диоксиндин адам организмине тийгизген таасири изилденип, төмөнкү терс кесепеттери аныкталган: балдардын аз жана тубаса кемтик төрөлүшү, өсүүсүнүн жана акыл-эсинин начарлашы, өлүмүнүн көбөйүшү жана башка. Ошондой эле диоксиндин концентрациясынын жогорулашы ички органдардын өзгөрүүсүнө жана теринин ириңдөөсүнө алып келет. Мындай тери оорулары Германиядагы жана Уфа шаарындагы химиялык ишканалардын жумушчуларында, ошондой эле Севезе шаарындагы (Италия) авариядан кийин шаар калкында байкалган. Диоксиндин өтө күчтүү таасири АКШдагы Миссури штатында катталган. Диоксиндер чөйрөгө көбүнчө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө (Мисалы, Канада атмосферага жылына 1,5 т) бөлүнүп чыгарылат. Ошондуктан АКШ , Япония , Швеция , Италия , Германия , Голландия жана башка мамлекеттерде 1980-жылдардан баштап диоксин проблемасы мамлекеттик деңгээлде каралууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1