Диофант

Википедия дан

Диофант - Понт падышасы Митридат VI Евпатордун аскер башчысы.

Б. з. ч. 110-109-жылда аскерлери менен Крымга 2 жолу жөнөтүлгөн жана Херсонести басып алууга умтулган скифтердин чабуулунун мизин кайтарган.

Б. з. ч. 107-ж. Боспордогу көтөрүлүштү басуу үчүн, Диофант Понттон Крымга 3-жолу жортуул жасаган жана Крымдын чыгыш жагын басып алып, көтөрүлүшчүлөрдү талкалаган. Боспор мамлекети (б. з. ч. 63-жылга чейин) Митридат VIгa баш ийген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.