Дистрибуция

Википедия дан

Дистрибуция (фр. distribution - бөлүштүрүү) - амер. дескриптивдик лингвистикада белгилүү тил бирдигинин (фонема, морфема, сөз ж. б.) контексттик чөйрөсү, орду, ирети, айкалышы жана анын башка бөлүштү- рүүлөрдө кездешпеген карама-каршылык касиеттери.

Дистрибуция төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

  1. «кошумча Дистрибуция » тил бирдиктеринин ар түрдүү контексттик чөйрөдө айкалышынын натыйжасында лингв, милдеттери бир болуп, физ. мүнөздөрү боюнча гана өз ара айырмаланып колдонулушун («көздөшүүлөрүн») билдирет.
  2. «дааналоочу Дистрибуция » ар кандай тил бирдиктеринин бир өңчөй чөйрөдө, окшош шартта айырмалык, белгилик (семиологиялык) милдетти аткарарын түшүндүрөт.
  3. көптүк айкалыштардын арасында белгилүү элементтин өз чөйрөсүндө башка элементке орун бериши. Булардын бирөө оң, экинчисп терс сынаттуу болот.
  4. эки бирдиктин толук эмес кайчылаштыгы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.