Диффeзор

Википедия дан

Диффeзор 1) аэрогидродинамикада – каналдын (түтүктүн) газ, суюктук агымдарынын ылдамдыгы азайып, басым жогорулоочу кең бөлүгү. Диффeзор аэродинамикалык түтүктөрдө, суу түтүктөрүнө, аба-реактивдүү кыймылдаткычтын күйүү камерасына аба, газ, нефть, суу кирүү алдында аба агымын токтотуу үчүн колдонулат. 2) Фототехникада – өчүп бараткан сүрөттүн фотографиясын алууда колдонулуучу квадрат тордуу айнек пластинка. Ал фотоаппараттын же сүрөт чоңойткучтун объектисине бекитилет. 3) Электракустикасында – добуш чоңойткучтун акустикалык берүүсүн көбөйтүү үчүн конус формасындагы кагаз мембрана. 4) Тамак-аш өнөр жайында – майдаланган катуу материалдан экстракция жолу менен сиңимдүү заттарды бөлүп алуучу аппарат. 5) Чопо өндүрүшүндө – майдаланган бокситти суу агымы менен жегичтен арылтуучу аппарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1