Диэлектрик өткөрүмдүүлүк

Википедия дан

Диэлектрик өткөрүмдүүлүк - чөйрөнүн (заттын) электр талаасына карата болгон аракетин же диэлектриктик касиетин мүнөздөөчү чоңдук.

Диэлектрик өткөрүмдүүлүк барабардыгында Е - электр талаасынын, Д - чөйрөнүн электр индукциясы, £ -пропорциялуулук коэффициенти - Диэлектрик өткөрүмдүүлүк деп аталат. Анчалык күчтүү эмес электр талаасында айрым диэлектриктерднн Диэлектрик өткөрүмдүүлүкгү Е ге кез каранды эмес. Күчтүү (атомдун ички талаасына чамалаш), ошондой эле кадимки электр талаасында кээ бир диэлектриктерде (сегнетоэлектриктерде) Д нын Е ге болгон көз карандылыгы сызыктуу эмес (к. Сызыктуу эмес оптика).

Диэлектрик өткөрүмдүүлүк көбүнчө заттардын табиятына жанасырткы шарттарга (температура, басым ж. б.), өзгөрмө электр талааоыиын жыштыгына жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.