Доктурбек Адамбеков

Википедия дан

Адамбеков Доктурбек (1955-ж. т., Ысык-Ата району, Кара-Коо айлы) — врач, медицина илиминин доктору (1992), профессор (1993).
Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун санитария-гигиена факультетин бүтүргөн (1978). 1977-жылдан КММИнин микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасында аспирант, ассистент, доцент, 1989-жылдан кафедра башчы. 1990—92-ж. Москвада И. М. Мёчников атындагы илимий изилдөө институтунда докторант. Илимий эмгектери туберкулёздун, кант оорусунун иммунологиясына, картаюу иммунологиясына, жугуштуу оорулар иммунодиагностикасына жана иммунохимиясына арналган. Адамбековдун 80ден ашык илимий эмгектери (анын ичинде 1 монография), 10дон ашык автордук күбөлүк, 10 чет өлкөлөрдөн чыккан басылмалары бар. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.