Донни Йен

Википедия дан

Донни Йен (англ. Donnie Yen; анг. 1963-жылы, 27-июлда туулган) - ошондой эле Йен Чи Тан (甄子丹) деген ат менен белгилүү. Ал гонгконгдук актер, уруш чебери, режиссер, продюсер, экшн хореографы жана вушу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону.

Йен "Вин Чун" деп аталган уруш чеберчилигин тааныткандыгы үчүн көпчүлүк калкка таанымал. 2008-жылы ал ийгилик жараткан "Ип Ман" (анг. Ip Man) тасмасында "Вин Чун" урушунун чебери Ип Мандын ролун аткарган. Бул тасма "Вин Чун" урушунун кайрадан жандануусуна себепкер болуп, Кытай жана башка Азия өлкөлөрүндө "Вин Чун" боюнча жүздөгөн жаңы мектептер ачылган. Ип Мандын улуу уулу Ип Чун, Йенге кайрылып, алардын үйбүлөөлүк чеберчилигин кайрадан элге тааныткандыгы үчүн жана атасынын мурасын эске салгандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

Донни Йен Гонгконгдогу эң алдыңкы экшн тасмаларынын жылдызы деп эсептелинет. Бул тууралуу режиссер Питер Чен мындай деген: "Ал экшн адамы жана өзүн чыныгы эң алдыңкы экшн жылдызы катары тааныта алды". Ал ММА тобуна акыркы тасмаларында хореографияны үйрөтүү менен Кытай маданиятына уруш чеберчилигинин ар тараптуулугун жайылткандыгы менен таанымал. Ал уруш түрүнүн бир нече түрүндө жөндөмдүү болгон. Мисалы: Тай чи чуан, бокс, кикбокс, жит кун до, хапкидо, таеквондо, карате, муай тай, күрөшүү, бразилиялык жиу-житсу, дзюдо, вин чун жана вушу. 2000-жылдары Азиядагы эң белгилүү актерлордун бири болуу менен ал 2009-жылы Азиядагы эң жогорку маяна төлөнгөн актерлордун катарын толуктаган. 2013-жылы ал төрт тасмага (28.4 миллион АКШ доллар) жана алты жарнамага тартылуудан 220 миллион гонгконгдук доллар тапкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]