Дорини издеп

Википедия дан

"Дорини издеп" (англ. Finding Dory) – 2016-жылы Pixar анимациялык студиясы тарабынан жасалган, Walt Disney Pictures чыгарган америкалык 3D- компүтердик, анимациялык комедия, окуялуу фильм. Режиссеру Эндрү Стэнтон менен Ангус Маклэн экөө чогуу болгон, сценарийин Стэнтон жана Виктория Строуз жазышкан. Фильм 2003-жылы чыккан "Немону издеп" (англ. Finding Nemo) фильминин уландысы болуп саналат жана өз ичине кайрадан Эллен Де Женерес жана Альберт Брукстун, Хайден Роланстын (Александр Гулдду алмаштырган)үндөрү менен кошо, кастингге жаңы кошулган Эд О Нейл, Кейтлин Олсон, Ти Баррел, Дайан Китон жана Южин Левинин үндөрүн камтып турат. Фильм ата-энесин издеп, саякаттап жүргөн Дори деген балыктын амнезиялык оорусуна басым жасайт.

Анын бет ачары Лос-Анжелес шаарындагы Эль-Капитан театрында 2016-жылы 8-июнда болгон жана АКШ да 2016-жылы 17-июнда чыккан. Фильм чыккандан кийин сынчылардын жакшы баасына арзып, коммерциялык ийгиликке жетип, бүт дүйнө жүзү боюнча 1 миллиарддан ашкан доллар акча тапкан, бул бааны алган Pixar дын 2010-жылдагы "Оюнчуктар окуясы-3" фильминен кийинки экинчи киносу болуп калды, ошондой эле 2016-жылкы кассалык фильмдердин ичинен үчүнчү орунду ээлеп, бардык мезгилдеги эң жогорку кассалык акча чогулткан фильмдердин ичинен 25-орунга чыкты. Фильм көптөгөн рекорддорду койду жана анын ичинде Түндүк Америкада чыккан бардык убактагы фильмдердин ичинен эң жогорку кассалык анимациялык кино деп таанылды.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Персонаждар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]