Дугов мөңгүсү

Википедия дан

Дугов мөңгүсүКоллектор кырка тоосунун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,5 км, аянты 4,5 км2. Исфайрамсай жана Шаймерден сууларынын алаптарын бөлүп турган тармагынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4700 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4500 м, абляция облусунун аянты 2,2 км2. 1935–73-ж. жылына 25–70 мге тартылган; кийин тартылуу басаңдаган. Мөңгүдөн агып чыккан суу Арча конушка (Исфайрамсайдын оң курамы Сүрмөташтын алабында) оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]