Дудук-дүлөйлүк

Википедия дан

Дудук-дүлөйлүк – тубаса же бала чакта пайда болгон дүлөйлүктөн келип чыккан сүйлөөгө жөндөмсүздүк. Угуу органдарынын өөрчүшүндөгү бардык кемтиктер жана угуу жөндөмүнүн өтө жана туруктуу өзгөрүүлөрүнө чалдыктыруучу оорулар дудуктукка алып келет. Мээдеги угуу-сүйлөө борборунун жабыркашы да ага себеп болот. Анын тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түрү кийин пайда болгонго караганда аз кездешет. Тубаса түрүнүн өнүгүшүнө генетикалык факторлор себеп болот. Дудук-дүлөй ата-энеден тубаса дудук-дүлөй бала, жакын туугандар үйлөнгөндө, тубаса дүлөй бала көп төрөлөрү байкалган. Тубаса дүлөйлүккө кош бойлуунун жугуштуу оору менен оорушу, эне менен баланын резус-факторунун айкалышпай калышы, ошондой эле түйүлдүк өөрчүп жатканда эне организмине кээ бир уу заттардын (алкоголь , стрептомицин жана башка) таасиринен да болушу мүмкүн. Кийин пайда болгон Дудук-дүлөйлүккө балдардын жугуштуу оорулары (менингит, мээ кабыкчаларынын сезгенүүсү, пневмония, кызылча, дизентерия, скарлатина, көк жөтөл жана башка) себеп болушу мүмкүн. Кээ бир учурда аденоиддер да угууну начарлатат. Бул учурда хирургиялык жол менен дарыласа болот. Эгерде дүлөйлүк айыкпай турган болсо, баланын сүйлөөсүн өөрчүтүүгө аракет жасоо керек. Баланы 7 жашынан атайын дудук-дүлөйлөр мектебинде окутуу зарыл. Окуу менен бирге адистикке да үйрөнөт, мектепти бүткөндөн кийин ЖОЖдо да окуу га болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1