Дунган, калмак жана уйгур жер которуулары

Википедия дан

19-к-дын 60-жылдарында Чыгыш Түркстанда, Кытайдын түндүк-батыш райондорунда жергиликтүү элдер Цин империясынын үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Көтөрүлүшкө дуңгандар м-н уйгурлар активдүү катышып, тарыхта дунган көтөрүлүшү деп аталып калган. Дээрлик 15 жылга созулган жалпы элдик кыймыл жеңилип калган. Эркиндикти эңсеп кан төккөн калк кытай аскеринин аёосуз жазалоосунан баш калкалап, жер которууга, кыргыз, казактардын арасына корголоого мажбур болгон. Адегенде 1866-ж. сарт калмактардын зорган уругу Жетисууга көчүп келишкен, кийин өтүнүп жатышып, 1869-ж. Россия мамл-нин букаралыгына кабыл алынышкан. Алты сумун (айыл) качкындардан эки болуштук уюшулган: бири Ысыккөлдө – Текес өрөөнүндө (1317 түтүн), экинчиси Верный уездинде (732 түтүн). 1871-ж. Россия ээлеп алган Жогорку Иле чөлкөмү 1882-ж. Кытайга кайтарылганда 5 айыл калмактар Кытайга таандык аймакта калып, ал эми алтынчы айыл (240 түтүн) каа-лоосу м-н Россиянын ээлигинде калаары туу-ралуу бүтүм чыгарган. Теги б-ча сарт калмактар моңголдордун батыш канаты ойротторго, а. и. кара-калмактарга же өлөттөр тукумуна кирген. 1882-ж. Кытай м-н Россиянын ортосундагы Капкак аркылуу (Текес өрөөнү) өткөн жаңы чегара такталгандан кийин сарт калмактар 1884-ж. гана Көл кылаасына көчүп келишет. Каракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алышып, сарт калмактардын Бөрүбаш, Челпек кыштактары пайда болгон ж-а 1913-ж. 366 түтүнгө (2262 киши), 1916-ж. 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен. Дуңган калкы Кытайдан Жетисууга 1877–84-ж. эки этап м-н келген. 1-этапта (1877-ж.) дуңгардын көтөрүлүшү жеңилип калгандан кийин көчүп келишкен. Бул этапта дуңгандар орус-кытай чегарасынан үч багытта өтүшкөн. 1877-ж. кыш адаттагыдан өзгөчө суук болуп, кар калың түшкөн. Ганьсулук дуңгандардын Да-Сы-Фу жолбашчылык кылган 1166 кишиден турган алгачкы тобу Турпандан жөнөп, 1877-ж. октябрдын аягы – ноябрдын башы ченде Бедел ашуусун ашып Караколго келишет. Кыргыздар качкындарга тамак-аш, үй-жай жагынан каралашкан. 1878-ж. жазга маал келгиндерге Караколго жакын Ырдыктан жер бөлүнүп берилет. Кытай аскери куугунтуктаган дуңгандардын дагы бир тобуна Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылган. Синьцзяндык ж-а ганьсулук дуңгандардан куралган бул топ (2 миңдей киши) Аксуудан чыгып, Маралбашы, Эркештам ашуусу аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн. Кыйын абалда калган адамдарга жол бою кыргыздар азык ж-а унаадан жардам кылышкан. Шэньсилик дунгандардын Быянху (Бий Янху) баш болгон тобу да кыш чилдеде Торугарт, Кызылбел ашууларын ашып, 1877-ж. декабрдын башы ченде Нарынга келет. Бир аз тыныгып, кайрадан жолго чыккан 3314 дуңган декабрдын аягында Токмокко жеткен. Жол бою кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калкалаганга боз үй, алачык жагынан жардам беришкен. Дуңгандардын Жетисууга ооп келишиндеги 2-этап Иле чөлкөмүн Цин бийлигине кайтарып берүү м-н байланыштуу. Алардын Россияга букаралыгы абалы 1881-ж. Петербург-да түзүлгөн орус-кытай келишими м-н бекемделген. Бул келишимдин шарттарына ылайык дуңгандарга ж-а уйгурларга Ата журтунда – Синьцзянда калуу же Россия ээлигине көчүп кетүү эркиндиги берилген. Бул мурдатан эле башталган өз алдынча жер которууну мыйзамдаштыруу гана болгон. Ошондо дуңгандар ж-а уйгурлардын кыйла бөлүгү Жетисууга көчө башташкан. 1884-жылдын аягына карата Иледен Жетисууга 1147 дуңган үй-бүлөсү же 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миңден ашуун дуңган, 45 миңдей уйгур Жетисуудан орун алышкан. Уйгурлар негизинен Верный (Алматы), Жаркен (Панфилов) уезддерине, дуңгандар Бишкек, Ысыккөл уезддерине жайгашкан. Ал эми Түштүк Кыргызстанга келген дуңган, уйгурлар адегенде Ошко жакын жерде (Карасуу р-ну) туруп калган. Дуңган, уйгурлар Жетисууга ооп келген кезде бул аймакта падышалык Россиянын бийлиги орноп калган эле. Падышалыктын Түркстандагы оторчул сая-саты жер-суу маселесинде даана байкалган. Мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, казак-орустарга бөлүш-түрүлүп, кыргыздар, казактар тоо-ташка, чөл-талаага сүрүлгөн. Колониялык бийликтер дуңгандарга убактылуу жер бөлүп берген. Токмокко келген дуңгандар Чүй суусунун оң жээгиндеги Каракоңуз өтөгүнө жайгашышкан. 1878-ж-дын аягында келгин дуңгандар үй куруп, короо-жай салып алганга (азыркы Масанчын айылы) үлгүрүшкөн. Аларга 10306 теше жер берилген. Дуңгандар жер айдап, буудай, жүгөрү ж.б. дан эгиндерин, калемпир, буурчак, сабиз, сарымсак ж.б. жашылчаларды өстүрүшкөн. Кийинчерээк сууга жакын жерлерге шалы эге башташкан. Сокулукка келген дуңгандарга Сокулук суусунун боюнан дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп берилген. 1883-ж. Сокулукта 33 үй-бүлө өздөрү курган үйлөрдө жашап калышкан. Ошентип, Александровка деп аталган кыштак өсүп чыккан. Дуңгандардын айрым топтору шаарларда калып, өзүнчө слободкаларды (шаар четиндеги кыштак) негиздешкен. Мис., Бишкекте дуңган слободкасы 1882-ж. пайда болгон. Адеп уюшулганда анда 150 үй-бүлө турчу. Мындай слободка Токмокто да пайда болгон. Келгиндер Жетисууга көчүп келгенден кийин алар отурукташкан аймактарда Мариинск (Ырдык), Каракоңуз (кийинчерээк Николаевск) Александровка (Сокулук), Жаркен (Жаркен уездинде, Казакстан), Жалпакдөбө (Тараздан 5–6 км аралыкта) болуштуктары уюшулат. Кыштактарды болуштар, казылар ж-а старчындар башкарган. Алар айылдардан атайын жөнөтүлгөн шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан. Болуштардын, старчындардын бийлиги улам күчөп, алык-салыктар арбыган. Падышалык Рос-сиянын Түркстандагы отор саясаты да кошул-ташыл болуп, келгиндердин жашоосуна терс таасир тийгизген.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)