Дунит

Википедия дан
Дунит.

Дунит (Жаңы Зеландиядагы Дун тоосунун атынан) – ультранегиздүү магма тоотеги. Өңү кара, каралжын же ачык жашыл. Тыгыздыгы 3,28 г/см3. Дунит 85 – 100% оливинден, 3 %ке чейин хромиттен жана кенташ (руда) минералдарынан турат. Курамында магний өтө көп, кремний аз. Ал силл, жарыш жаткан линзалар жана кайчылашкан түтүкчөлөр түрүндө кезигет, кээде гана ири интрузия тулкуларын пайда кылат. Дунит менен бирге хромит, платина, никель, кобальт, темир, тальк, хризотил-асбест жана башка кездешет. Дунит отко чыдамдуу минералдарды чыгарууда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1