Оливин

Википедия дан
Оливин.

Оливин (лат. oliva – зайтун) перидот, хриазолит – оливин тобундагы минерал. Жалпы силикаттар классына кирет жана тоо тек пайда кылат. Магний менен темирдин силикатынан турат. Химиялык формуласы MgАe2(SiO4). Ромб системасында кристаллданат. Өңү сары, жашыл сымал, кээде түссүз, айнек сымал жалтырак. Зергерликте тунук хризолит жана перидот колдонулат. Жарык көбүнчө кырлары аркылуу өтөт. Катуулугу 6,5–7. С. салмагы 3,3–3,5. Морт. Кристаллдары өтө сейрек. Магмадан пайда болот (ультранегиздүү жиреп чыккан тоо тектин, таш метеориттердин негизги минералы). Магнезиялуу оливин (форстерит) карбонатиттер менен магнезиялуу байланышкан тоо тектер – скарндарга мүнөздүү. Оливиндин курамында магма тоо тектери алмаз, платина, хромит, никель, титандуу магнетит бар. Оливиндин тунук кристаллы – хризолит кымбат баалуу асыл таш катары пайдаланылат. Антика доорунан Кызыл деңиздеги Зебергед аралында алынат. Ошондой эле Мьянма, Бразилия, Россия (Якутия), АКШда (Түн. Каролина штаты) кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]