Дуоденит

Википедия дан

Дуоденит—(duodenitis; анат. duodenum он эки эли ичеги + -itis) он эки эли ичегинин былжыр челинин жана анын бүт катмарынын сезгениши. Көпчүлүк учурда жара оорусун, гастрит, панкреатит, холецистит ооруларын коштойт. Дуоденитти сезгенүү очогунан келген микробдор, токсиндер, ичегидеги ар кандай мителер пайда кылат. Анын өнүгүшүнө убагында тамактанбоо, өткүр тамак ашты, ичкиликти көп ичүү, тамеки тартуу түрткү берет.

Дуодениттин катуу кармама (чанда) жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармама дуоденит күйүк оорусунда, катуу ууланганда болот. Өнөкөт дуоденит көпкө созулуп, мезгили менен айыгып жана кабылдап турат. Дуоденитте ичтин жогору жагы ооруйт, ачка болгондо же тамак ичкенден 2 — 3 сааттан кийин ооруганы күчөйт.

Дарылоону себебине жараша врач жүргүзөт. Кээде хирургиялык жол колдонулат. Алдын алууда тамактануу режимин сактоо, инфекция очогун, ичегидеги мителерди жоготуу, тамеки тартпоо чоң мааниге ээ.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8