Холецистит

Википедия дан
Тамак сиңирүү системасынын схемасы. Холецисттиттен жабыркаган өт баштыгы стрелка менен көрсөтүлгөн.

Холецистит (грек. χολή — өт жана κύστις — көбүк) — өт баштыкчасынын сезгениши.
Ичеги-карын ооруларынын кеңири таралган түрү. Көбүнчө аялдар ооруп, өт баштыкчасына чогулат. Балдар менен өспүрүмдөрдө ташы жок холецистит кездешет. Холециститтин пайда болушуна ар түрдүү жугуштуу микробдор (ичеги таякчасы жана башкалар), өттүн агып чыкпай өт баштыкчасында токтоп калуусу, аз кыймылдоо, өнөкөт гепатит, панкреатит, дуоденит оорулары түрткү болот. Ошондой эле тукум куугучтук жана ар түркүн мителердин (лямблиоз, амёбиаз, описторхоз, аскаридоз) да мааниси бар. Холециститтин катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү кездешет. Катуу кармаган холециститте ич катуу ооруйт. Ал көбүнчө түнкүсүн капысынан оң сүбөөнүн тушунан кармайт да, белдин оң тарабына, оң ийинге жана оң далыга, беттин, моюндун оң тарабына таралат. Катуу ооруу сезгенген өт баштыкчасынын жыйрылып чыңалуусунан, өт жолунун таш менен бүтөлүп калуусунан же берчтенүүсүнөн келип чыгат; жүрөк айланат, кусат, кускандан кийин жеңилдик болбойт. Көп учурда дене ысыйт. Кээде өтө катуу оорудан эстен тануу мүмкүн.

Катуу түйүлгөн оору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу түйүлгөн оору 1 — 2 жумага чейин созулуп, анан басаңдайт; кез-кезде кармап, узакка созулушу ыктымал. Холецистит диетаны бузганда (майлуу эт, ичкилик ичкенден кийин), оор жумуш иштегенде же кайгырганда да кармап калышы ыктымал. Холецистит күчөп кеткенде дене саргайып кетет. Ириңдеп же гангрена болуп кеткен холециститте оору белгилери, өзгөчө дененин ууланышы (интоксикациясы) даана, ачык байкалат. Оорулуунун оң сүбөсүнүн асты кол тийгизбейт. Улгайган адамдарда таштуу холецистит көбүрөөк кездешет. Оору белгилери анчалык ачык билинбейт. Өнөкөт холецистит катуу кармаган холецистит кайталап кармагандан кийин болот. Өнөкөт холециститте ооз ачуу даамданып, оң сүбөнүн асты салмактангансыйт. Оорунун күчөшү өт баштыкчасындагы сезгенүү процессине, анын берчтенүүсүнө жана башкалар жараша болот. Ал мезгили менен күчөп жана басаңдап турат, көбүнчө тамак режимин бузганда күчөйт. Демейде жеңил өтөт.

Диагноз жана дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун диагнозун врач ар кандай текшерүү жолу менен туура коюп, дарылоо жүргүзөт. Катуу кармаган жана таштуу өнөкөт холециститти хирургиялык жол менен дарылайт. Консервативдүү дарылоо негизинен сезгенүү процессин басаңдатууга багытталат. Оорулууну тынч жаткырып, өт айдама жана башкалар дарылар берилет. Өнөкөт холециститте өттү мезгили менен тарттырып (зонд менен же зондсуз тюбик менен) алуу пайдалуу. Минерал сууларды (Ессентуки № 17, Арзни, Баталинская жана башкалар) ичсе болот. Өттүн тушуна УВЧ, ультраүн терапиясы, ылай, озокерит же парафин жабуу жакшы натыйжа берет. Өнөкөт холециститте санаторий-курорттордо дарылануу, тамакты кичинеден бат-бат ичүү (өтө тойбой) сунуш кылынат. Майлуу, сүрсүгөн эт, балык, эттин сорпосун, шоколад, жумуртканын сарысын, малдын майын, өткүр тамактарды жегенге болбойт.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алууда туура тамактануу, ич катууну жок кылуу, тиштин чиришин, тонзиллит жана башкалар инфекцияны өз убагында дарылоо, гимнастика жасоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8