Дэвид Финчер

Википедия дан

Дэвид Эндрю Лео Финчер (англ. David Fincher;1962-жылы 28-августта туулган) - тасмаларда, сериалдарда жана музыкалык клиптерде таанымал болгон америкалык театралдык продюсер жана режиссер. Ал "Бенжамин Баттондун табышмактуу окуясы" (англ. The Curious Case of Benjamin Button, 2008) жана "Социалдык тармактар" (англ. The Social Network, 2010) тасмалары үчүн "Эң мыкты режиссер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. "Социалдык тармактар" тасмасы үчүн "Эң мыкты режиссер" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгын утса, "Эң мыкты режиссура" номинациясында Британия кино жана теле искусство академиясынын сыйлыгына татыктуу болгон.

Ал "Жети" (англ. Seven, 1995), "Оюн" (англ. Game, 1997), "Дайынсыз аял" (англ. Gone Girl, 2014), "Мушташ клубу" (англ. Fight Club, 1999), жана "Жылдыз" (англ. Zodiac, 2007) жана "Ажыдаар татиуровкасы бар кыз" (англ. The Girl with the Dragon Tattoo, 2011) тасмаларында режиссер болгон. "Карточкадан жасалган үй" (англ. House of Cards) сериалын тартууда дагы абдан чоң салым кошкон.

Анын "Жети" жана "Мушташ клубу" , тасмалары 1990-жылдардын эң мыкты тасмалары катары таанылган.

Би-би-синин 2016-жылдагы көрүүчүлөрдүн арасындагы сурамжылоосунда 2000-жылдардан бери тартылган эң мыкты көркөм тасмалардин катарында "Жылдыз" жана "Социалдык тармактар" тасмалары белгиленген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]