Дайынсыз аял

Википедия дан

"Дайынсыз аял" (англ. Gone Girl, орус. Исчезнувшая) 2014-жылы Америкада тартылган психологиялык триллер жанрындагы тасма. Режиссёру Дэвид Финчер, сценарийин ушул эле аталыштагы романдын автору Жиллиан Флинн жазган. Фильмде Бен Аффлек, Розамунд Пайк, Нил Патрик жана Тайлер Перри роль жаратышкан. Түштүк-батыш Миссуриде тартылган тасма Ник Дунндун (Аффлек) жубайы Эминин (Пайк) заматта жоголуп кеткенине жолдошунун башкы шектүү катары саналып калышынын айланасындагы сырдуу окуя менен башталат.

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 52-Нью Йорк кино фестивалынын ачылыш кечесинде 2014-жылдын 26-сентябрында болгон. Ал эми өлкө боюнча кинотеатрларда 3-октябрдан тарта көрсөтүлө баштаган. Кино сынчылардын оң баасын алган, кассалардан 369 млн доллар топтоп коммерциялык ийгилик да жараткан — бул Финчер тарткан тасмалардын ичинен эң көп киреше алып келген фильм болуп калган. Розамунд Пайктын ойногон ролу өзгөчө бааланган, ошол үчүн ал Оскардын, Британия киноакадемиясынын (БАФТА), Алтын глобустун жана АКШ киноактёрлор гильдиясынын "Эң мыкты актриса" наамдарына көрсөтүлгөн. Андан тышкары, Алтын глобустун "Эң мыкты режиссёр" сыйлыгына Финчер сунушталган. Ошондой эле Алтын глобустун, БАФТАнын жана Сынчылардын тандоосунуна Флинндин ылайыкташтырылган сценарийи көрсөтүлүп, соңку аталган номинация боюнча сыйлыкк татыган.

Тасманын тартылышы

2013-жылдын 11-сентябрында "Дайынсыз аялды" тарткан команда кино үчүн чөйрөнү изилдөө иштерин баштаган. Тартуу иштери 15-сентябрда АКШнын Миссури штатындагы Кэйп Жирардодо башталып, беш аптага чейин созулушу пландалган. Айрым сюжеттер АКШнын Лос Анжелесинде да тартылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]