Дэн Сяопин

Википедия дан
Дэн Сяопин (1979).

Дэн Сяопин, Дың Си-сян, Дың Cяупин (22. 8. 1904, Кытай, Сычуань провинциясы, Пайфан – 19. 2. 1997, Пекин) – Кытайдын мамлекеттик жана коомдук ишмери.

1920-ж. Франциядан билим алган. 1922-жылдан Кытай Коммунисттик Жаштар Союзуна, 1924-жылдан Кытай КПнын мүчөсү. 1925-ж. саясий ишмердүүлүгү үчүн Франциядан куулуп, Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин Коммунисттик университетине, кийин Сунь Ятсен атындагы университетте окуган. 1927-ж. Кытайга кайтып, 1929–30-жана башка пайсек жана Лунчжоу көтөрүлүшүн жетектеп, ошол эле учурда Кытай кызыл армияcынын катарына кошулган. Япония менен болгон согушта 8-армиянын бөлүктөрүндө комиссар болуп кызмат кылган. 1945-ж. Кытай элдик-боштондук армиясына караштуу 2-армиянын комиссарлыгына дайындалган. Ушул жылдары Дэн Сяопин Кытай КП БКга мүчөлүккө кабыл алынып, 1949-жылдагы революцияга активдүү даярдык көргөн. Революция жеңгенден кийин Мамлекеттик Советтин (өкмөт) премьеринин орун басары болуп дайындалган. 1956–66-ж. Кытай КП БКнын Генералдык секретары болуп иштеген. 1960-жылдардын экинчи жарымында Кытайда «Маданий революциянын» башталышына байланыштуу пикир келишпестиктерден улам Дэн Сяопин кызматынан ажырап, трактор заводуна жиберилген. 1973-ж. Чжоу Эньлайдын кийлигишүүсү менен мурунку кызматы кайтарылып берилген, бирок Чжоу Эньлай өлгөндөн (1976) кийин кайрадан куугунтукталган. 1977-ж. Кытай КПнын 11-съездинде «төртөөнүн тобунун» жоюлушу менен кайрадан акталган. Дэн Сяопиндин сунушу боюнча Кытай КП БКнын 3-пленумунда (1978-ж. декабрь) кытайлык өзгөчөлүк менен социализм куруу жана экономикалык реформа жүргүзүү багыты кабыл алынган. Анын демилгеси менен «маданий революция» саясаты, Мао Цзэдундун жаңылыштыктары сынга алынып, жеке ишмердикке жол ачылган жана ММКга карата цензуралар жоюлган. 1980-жылдардын башында Кытай менен Тайванды тынчтык жолу аркылуу бириктирүү үчүн «бир өлкө – эки түзүлүш» аттуу идея киргизген. Өз эрки менен 1987-ж. Кытай КП БКнын мүчөлүгүнөн, 1989-ж. Кытай КП БКнын Борбордук согуш кеңешинин башчылыгынан баш тарткан. Ага карабастан өмүрүнүн акырына чейин КЭРдин жетекчилигинде негизги күч болуп саналган. Бишкек шаарындагы көчөгө ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1