Дүйнөлүк диндер

Википедия дан

Дүйнөлүк диндер - дүйнөнүн түрдүү элдеринин арасында бир кыйла кеңири таралган үч дин - буддизм, христианчылык, ислам. Башка бардык диний ишенимдерден жана тайынуулардан айырмаланып дүйнөлүк диндерге төмөндөгү белгилер мүнөздүү: 1) негизги догматтык жоболорунун абстрактуулугунун жогору болушу; 2) негиз болуучу догматтарды түшүндүрүүнүн түрдүү варианттарынын мүмкүндүгү; 3) диндин аны тутунгандардын күндөлүк турмушу менен тыгыз байланышы, турмуш-тиричилик, адеп-ахлак маселелерине тийиштүү болушу; 4) таза, туура жүрүм-турум аркылуу жеке керт баштын амандыгына жетишем деп ойлогон динчилдер үчүн негизги догматикалык постулаттардын түшүнүктүү жана талашсыз болушу; 5) Кудай алдында бардык адамдардын формалдуу тең болушу, диний маселелерде сословиялык же улуттук артыкчылыктардын жоктугу. Буддизм б.з.ч. 6-5 кк. жаралган, анын негиздөөчүсү деп индиялык принц Сиддхартха Гаутама эсептелет, Түштүк-Чыгыш жана Борбодук Азия өлкөлөрүндө таралган. Христианчылык I к. башында Палестинада жаралган, ал эми 4-к. Рим империясында үстөмдүк кылган динге айланган, Христиан дининин негиздери Библияда баяндалган. Ислам 7-к. Аравияда пайда болгон, анын негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбар. Аны Аллах өз элчиси, пайгамбар кылып тандаган, исламдын ыйык китеби - Куран-и-Карим.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]