Дүйнөлүк система

Википедия дан

Дүйнөлүк системаЖер, Күн, Ай, планеталар, жылдыздар жана башка асман телолорунун мейкиндикте жайгашышы жана кыймылы жөнүндөгү түшүнүк. Байыркы убакта эле Жердин Ааламдагы орду жөнүндө түшүнүк пайда болгон. Анда Жер жалпак, анын астында дүйнө бар, үстүндө болсо асман көмкөрүлүп турат деп эсептелген. Байкоолордун маалыматтары көбөйгөн сайын жылдыздуу асман толук сферадай, ал эми Жер шар сымал деген түшүнүк келип чыккан. Андан кийин дүйнөнүн геоборбордук, анан гелиоборбордук системалары түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1