Дүр Сооронбай уулу

Википедия дан

Дүр Сооронбай уулу (туулган жылы белгисиз-1918) - коомдук ишмер, алгачкы агартуучу.
Чүйдөгү Тынай элинен чыккан. Азыркы Чүй районунун аймагындагы элди бий деген Сооронбай датканын учунчу уулу. Верныйдагы аскердик гимназияны кумуш медаль менен бүтүргөн. Ал окуу жайында М.В. Фрунзе менен бирге окуган. Токмок уездинде атасы Сооронбайдын ордуна болуш болгон. Элдин таламдарын жүзөгө ашыруу үчүн күрөшкөн. Сайлык кыштагына жаны тилдеги орус жергиликтүү мектеп ачтырып, кыргыз балдарды окууга тарткан, мектепте өзү да сабак берген. 1916-жылкы көтөрүлүштө өзүңө караган 400 түтүн элди Кытайга качырбай, жазалоодон куткарып калган.1918-ж. Ак гвардиячы орустар тарабынан атылган. Аны өлтүрбөй, Совет бийлиги үчүн кызматка пайдалууну керектиги жондогу М.В. Фрунзенин буйругу Дүр атылгандан эки күндөн кийин келген. Анын ысымы Чүй районунда Сайлык кыштагындагы орто мектепте ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003ж.