Дөгдүров, Мухамед

Википедия дан

Дөгдүров Мухамед [1906, Каракол уезди, Тоң болушу, Бүркүттүн ою (азыркы Тоң району, Бүркүттүн ою айлы) — 1968, Бишкек] — кыргыз журналисти, котормочу, коомдук ишмер; кыргыз адабият сынын баштоочтордун бири.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1937-жылдан КПСС мүчөсү.
1924—26-ж. Түптөгү айыл чарбатехникумунда, 1928—29-ж. Тверь шаррындагы жумушчу факультетинде окуган.
1955-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.
Чыгармачылык иши 20-жылдары башталган. Дөгдүровдун 20-жылдардын 2-жарымында «Акын-жазуучулар уюму жана кооз адабиятыбыз тууралуу» жана башка сын макалалары жарыяланган.
Ал 30-жылдардын 1-жарымында кыргыз поэзиясынын жүзүн көрсөткөн акындардын чыгармачылык изденүүлөрү жана табылгалары менен окуучуларды тааныштыруу максатында макалаларды жазган.
30-жылдардын аягында проза жанрынын өнүгүшүнө байланыштуу айрым повесть, романдарга (асыресе, «Кең-Суу» романына) сын пикирлерди басма сөздө жарыялаган. 30-жылдары М. Горькийдин «Эне» романын, «Менин университеттерим» повестин которгон. Бир нече публицистикалык жана очерктер жыйнагынын автору.
1932—34-ж. Кыргызмамбастын жана«Чабуул» журналынын редактору, Кыргызстан жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
1934-жылдан «Кызыл Кыргызстан», гезитинде иштеген (бөлүм башчы, редактордун орун басары, жооптуу редактору).
1948—58-ж. Кыргызстан профессиялык союздар советинин төрагасы, 1961—68-ж. «Коммунист» журналына редактор.
1945—59-ж. Кыргызстан КП БКнын бюро мүчөлүгүнө кандидат жана анын мүчөсү.
Дөгдүров үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азия өлкөлөрүндө. — Фр.: 1958;
Айкын жол. — Фр.: 1969.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]