Дөдө-Мөл, Тоо

Википедия дан

Молдо тоонун түштүк тармагы.Чамынды жана Кайыңды Нарын сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 20 кмге созулуп жатат.Ак-Талаа районунун аймагында. Туурасы 5 кмдей. Орточо бийиктиги 1700–2100 м, эң бийик жери 2767 м (Карал-Арча чокусу). Жону тайпак, Нарын капчыгайына караган түштүк-чыгыш капталы кыска жана тик (60–80°), ал эми түндүк-батышкапталы узун.Чамынды өрөөнүнө карай жантайыңкы.Тоонун бийик түндүк-чыгыш бөлүгү карбондуу кумдук,сланец,алевролит,конгломерат,кремний ,жапыз түштүк-батыш бөлүгүн еогендин конгломерат, кумдук, мергель тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа жана талаа (1400–1500 мге чейин), шалбаалуу талаа (карагай токою бар) ландшафт алкактары басымдуу.Чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Categoru:Кыргызстан Categoru:Илим Categoru:География Categoru:Тоо Categoru:Жаратылыш Categoru:Түндүк Кыргызстан Categoru:Тумар-2011