Дөдө мөл тоосу

Википедия дан

ДӨДӨ МӨЛ ТООСУ – Молдо тоонун түштүк тармагы.Чамынды жана Кайыңды Нарын сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында түштүк-б атыштан түндүк-чыгышка 20 кмге созулуп жатат.Акталаа районунун аймагында.Туурасы 5 кмдей.Орточо бийиктиги 1700–2100 м, эң бийик жери 2 767 м (Караларча чокусу).Жону тайпак, Нарын капчыгайына караган түштүк- чыгышкапталы кыска жана тик (60 – 8 0°),ал эми түндүк-батышкапталы узун.Чамынды өрөөнүнө карай жантайыңкы.Тоонун бийик түндүк-чыгыш бөлүгү карбондун кумдук,сланец ,алевролит,конгломерат,кремний ,жапыз түштүк-батыш бөлүгүн еогендин конгломерат,кумдук,мергель тектеринен түзүлгөн.Кургак талаа жана талаа (140 0–150 0 мге чейин), шалбаалуу талаа (карагай токою бар) ландшафт алкактары басымдуу.Чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Клодонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.Кыргызстандан географиясы.Б.,2004-жыл.
Categoru:Кыргызстан Categoru:Илим Categoru:География Categoru:Тоо Categoru:Жаратылыш Categoru:Түндүк Кыргызстан Categoru:Тумар-2011