Мазмунга өтүү

Дөрө-Суу

Википедия — ачык энциклопедия
Дөрө-Суу
Мүнөздөмө
Узундугу

35 км

Бассейндин аянты

128 км²

 · Координаттары
 · Координаттары
Жайгашкан орду
Өлкө

 Кыргызстан

Район

Ысык-Көл району

Дөрө-Суу, Чырпыкты – Ысык-Көл районундагы суу. Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүнүн Түштүк беттеринен агып түшүп, Ысык-Көлгө куят. Узундугу 35 км, алабынын аянты 128 км2. Жалпы узундугу 69 км, 23 куймасы бар; ириси – Көл-Төр (23 км). Май–августта ташкындап, сентябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,27 м3/сек. Суусу мол болгон июль–август айларындагы орточо чыгымы 0,55 м3/сек, айрым жылдары декабрь–февралда соолуп калат; эң чоң чыгымы 2,0 м3/секга жетет. Суусу жай айларында толугу менен сугатка алынгандыктан, көлгө жетпей калат. Дөрө-Суудан 5 канал (чыгымы 1,12 м3/сек) башталат. Өрөөнүндө Чырпыкты кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1