Европа Мейкиндик Агенттиги

Википедия дан

Европа Мейкиндик Агенттиги (ЕМА; фран. Agence spatiale européenne, ASE; нем. Europäische Weltraumorganisation) - мейкиндикти изилдөөгө багытталган 22 өлкө арасындагы өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Ал 1975-жылы түзүлгөн жана анын баш кеңсеси Франциянын борбору Парижде жайгашкан. ЕМАнын дүйнө жүзү боюнча 2000 кызматкери бар жана анын жылдык бюджети 5.25 миллиар евро же 5.77 миллиар АКШ долларын түзөт (2016).

ЕМАнын мейкиндик программасына адамдын мейкиндикке учуусу (негизинен Эл аралык Мейкиндик Станциясынын катышуусунун негизинде);башка планеталарды жана айды изилдөө иштери; Жерди изилдөө, илим жана телекоммуникация, ракеталарды куруу, жана Франциялык Гвианадагы, Куру аймагындагы Гвиана Мейкиндик борборун башкаруу. Негизги Европалык Ариана 5 аттуу ракетаны ЕМА Ариана мейкиндиги аркылуу көзөмөлдөйт. Алар учуруу каржамдарын жана мындай ракетаны өнүктүрүү иштерин чогуу аткарып келишет.

Агенттиктин негизги күчтөрү төмөнкү борборлорго бөлүштүрүлгөн:

  • ЕМАнын илимий миссиялары ESTEC Нурдвик, Нидерландыда жайгашкан;
  • Жерди изилдөө иштери ESRIN Фраскати, Италия;
  • Миссияны көзөмөлдөө (ESOC) Дармштат, Германия;
  • Келечектеги астронавттарды даярдаган Европалык Астронавт Борбору (ЕАБ) Келн, Германияда жайгашкан;
  • 2009-жылы изилдөө институту курулган, Мейкиндик боюнча кайрылуулар жана телекоммуникация боюнча Европалык Борбор (ЕБМКТ) Харвелл, Англияда жайгашкан;
  • жана Европалык Мейкиндик Астрономиясынын Борбору Виллануеваде ла Канада, Мадрид, Испанияда жайгашкан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]