Жаакташ суусу
Көрүнүш
Жаакташ суусу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 36 км |
| бассейндин аянты | 1 173 км² |
| Суу чыгымы | 11,3 м³/с |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Ысык-Көл облусу |
| Район | Жети-Өгүз району |
Жаакташ суусу, Тарагай – Жетөгүз районундагы суу, Чоң Нарындын оң курамы. Узундугу 36 км, алабынын аянты 1173 км².
Кумтөр суусу менен Арабел суусунун кошулушунан пайда болот. Кумтөр Петров мөңгүсүнөн башталат. Жогорку бөлүгүндө Жетимбел жана Акшыйрак кырка тоолорун бөлүп турган капчыгай аркылуу , андан чыкканда байыркы мореналуу түздүк менен түштүктөн- батышка карай агат. Түздүккө чыкканда жай агып, салааларга бөлүнөт. Төмөнкү агымында бир нук менен агып, босоголорду пайда кылат. Мөңгү, кар жана жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 11,3 м³/сек. Июлда кирип, сентябрда тартыла баштайт.