Жайлоо

Wikipedia дан

Жайлоо – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Жайлоо ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу, сырткы жайлоого алыскы бийик тоолордогу (Ысык-Көлдүн сырты) жайыттар кирет. Жайлоонун чөбү жагымдуу жана сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, организми чың болот. Жайлоодо негизинен бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң жана башка ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кармалат. Кыргызстандын жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500–3000 м бийиктикте орун алган, мисалы, Ак-Сай, Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр жана башка. Бийик тоо арасы төр, ат жайлоо делет. Жайлоолордун чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, мисалы, ат жайлоолордо гектарынан 1,1 цден 14,9 цге чейин, бөксө тоолуу жайлоодон 5,3–18,3 цден чөп алынат. Жайлоо чөбү өсүп, сабак байлардын астында малга жегиликтүү, гүлдөп баш алганда күчтүү келет. Бөксө жайлоолордогу 1 ц кургак чөптө 45–80 тоют бирдиги, 7–10 кг сиңимдүү белок болот. Жайлоо чөбүндө иод аз. Жайлоо ар кандай бийиктикте болгондуктан, бийик тоолуу жайлоого кой, бөксө тоолорго уй менен жылкы жаюу сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1