Жакишев

Википедия дан

Жакишев Өмүркул - (1909, Чүй облусу, Кант району, Үч-Эмчек айылы – 1979, Фрунзе) – адабиятчы, сынчы, кыргыз профессионал адабиятын баштоочулардын бири, «Манас» изилдөөчү жана түзүүчү. Фрунзедеги жатак мектепте, педтехникумда (1925–29), кийин САКУда, 1931–34-ж. Москвадагы басма институтунда окуган. 1931–36-ж. «Кыргызмамбаста» көркөм адабият боюнча редактор, 1936–37-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу секретары, 1940–46-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы искусство боюнча башкармалыктын начальниги, «Кыргызмамбастын» директору (1946–47), Кыргыз ТАГдын башкы редактору (1947–58), Кыргыз ССР ИАнын «Манас» секторунун (1958–64) башчысы болуп иштеген, 1930-жылдан кыргыз адабиятына тийиштүү бир катар рецензия, баяндама, макалаларды жазган, «Манас» эпосун изилдеп, эпостун көркөм чен-кудуретин, кыргыз жана дүйнөлүк оозеки адабияттагы ордун, беделин белгилеген. 1946-ж. Москвадан чыккан «Манас» эпосунун бир томдук орусча котормосун редакциялоого катышып, Е. Мозольков менен бирдикте кириш сөзүн жазган. «Манас» эпосунун 1958–60-ж. жарыяланган курама 4 томдугунун башкы редакторунун орун басары болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (2-чакырылышынын) депутаты болгон. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1