Жакут

Википедия дан

Жакут — кымбат баалуу асыл таш, яхонт. Жашыл саффир менен кызыл рубиндин кымбат баалуу түрлөрүнүн жалпы аты. Кээде гранит жана асыл шпинель сыяктуу кызыл түстөгү асыл таштар Ж. деп аталган. Эпостон Ж-тун байыртадан эле асем буюмдарга, жасалгаларга, кооздуктарга колдонулганы, нур чачыратып, жарык чыгаруучу каражат катары пайдаланылганы көрүнөт. Мисалы, Алмамбет Бээжиндеги өзүнүн алтын тагын Сыргакка төмөнкүчө сүрөттөйт: "Бу туш менен тиги туш Жакут таштан жабылуу" ( Саякбай Каралаев, 2. 136), "Жакут менен көөкардан Босогого салдырган" ( Саякбай Каралаев, 2. 136). Алмамбеттин атасы Азизкандын сейилдикке кийүүчү жарым кандык чен тонунун жасалгасы төмөнкүчө баяндалат: "Жакут ташты жардырган Көкүрөккө тонунун Асыл таштан салдырган" ( Саякбай Каралаев, 2. 139). Ж-тун баалуулугу төмөнкү саптардан да көрүнөт: "Жакут, көөхар, лагыл таш, Жандар өлүп калган соң Аны эмине кылабыз!" (Сагымбай Орозбаков, 4. 349). Жарык болуп турсун үчүн Каныкей Манастын сөөгү коюлган жайга да Ж-ту колдонот: "Жакут таштан жардырдым, Алтымыш уруу жерине Жакут, көөхар аралаш Чырак гана кылып салдырдым" (Сагымбай Орозбаков, "Семетей", 1. 154).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4