Жакыптын зары

Википедия дан

Жакыптын зары — бардык варианттарда учураган сюжеттик маанилүү детал. Салтанаты адамдан артып, эсепсиз байып, жашы элүүгө келген Жакып эки аялынан бир да бала көрбөйт. Дүнүйөсү көп, ага ээ болор эркек туягынын жоктугуна бушайман болгон Жакып балалууларды көргөндө басынып арданып, катуу капада жүрөт. Кудайга зар айтып, мойнуна куржун салынып, мазар тайып, малына ээ болор, көзү өтсө атакелеп жоктор бала тилейт. Күндөрдүн биринде жер жайнаган эсепсиз көп малын кыдырып жүрүп: көзүм өтсө бул малдарга ким ээ болот — деп зээни кейип, арманын айтып ыйлап, үйүнө кайтат. Айылга жакын жерден ага Акымбек дегендин Меңдибай аттуу баласы жолугуп, капалыгынын жөнүн сурайт. Жакып ага жооп бербей, катуу ыйлаган бойдон үйүнө түшүп, атын да байлабай ичке кирет. Эмне болдуң деген байбичеси Чыйырдыга катыны туубас, өзү куубаш экенине арданганын айтып, нааразылыгын билдирип, төргө жатып алат. Ызаланып ыйлап, байбиче да жүк алдына бүгүлүп жатып, көзү илинет.

Эпизод дээрлик бардык варианттарда учурайт. Болочок баатырдын ата-энеси узак убакыт карыганча баласыз жүрүү, мындай абалына катуу кайгырып, жапа чегүү түрдүү элдердин фольклорунда кеңири кезиккен сюжет. Түрк элдеринде айрыкча ата-энесинин байлыгы, «эркек балам болбосо дүнүйөм кимге калат?” — деп бушайман болуу, кудайдан бала тилеп садага-кайыр берүү, жер-суу, мазар тайып, сыйынуу иштери кеңири айтылат.

Сюжеттин өнүгүшүндөгү орду жактан эпизод — өзгөчө баатыр болчу баланын төрөлөрүн шарттай турган деталдардын бири. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча сюжет Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын, башкача айтканда малы, дүнүйөсү көп, баласы жок Жакып жапа чегип, кайгырып жүрөт. Жакыптын байлыгы, бирок баласыз болуп, зар кылып бала тилеп жүрүшү Радлов жазып алган вариантта эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4