Жакыптын кеңеши

Википедия дан

Жакыптын кеңеши — бөлүмдүн киришүү жана жалпы сюжеттик нуктагы өзүнчө чоң бутактануунун башталыш түйүнү.

Жакып калкына кабар салып акылман кары, эл билермандарын жыйып алып, ажыдаардын куйругун басып Эсенкан менен жоо болуп калдык.

Каптап келсе калың жоого чаркыбыз келбейт! Калмактын арасына, кытайдын кыйырына жатып албай, жан аргасы кылып башка жакка көчүп кетели, макул көрсөңөр Анжыян тарапка оойлу деп кеңеш курат. Бердике, кытайга тийип койдук деп жыйгантергенди бүт чачып, кайда дүрбөйбүз? Алтай малга жайлуу, жакшы жер, андан ажырап болбойт деп көчкүсү келбейт. Байжигит Жакыптын айтканын макул көрөт, сактын саны бүтүн, кытайдын кыйырына жатып алып, кыргын таап калбайлык дегендин эмнеси жаман?! Бирок, кайда барганыбыз оң. Эдил, Нура сууларынын боюна, Орол тоосу тарапка барсак кандай, — дейт. Айдаркан баатыр: «Кандай эле баарың кайратты таштап качууну каалап калдыңар?! Силерди кырам деп Кытайдан кеп келдиби? Колунан келсе кытай эмдигиче бизди соо коймок эмес. «Туулмак бар, өлмөк бар, башка келгенди көрөрбүз», — деп кайрат айтты. Эл бир чечимге келе албай, акыры Манастын «Колунан келсе Эсенкандын бизди аяп коёр ою жок, андан коркуп элди дарбытып, башка жакка качуунун жөнү барбы?! Туура көрсөңөр намыстын жолун кууп, ата-бабадан калган жерибизди кытайлардан бошотолу да, анан ага качпай эле көчүп баралы» деген кебине эч ким каршы чыкпады. Он жети менен жетимиштин ортосундагы эр бүлө беш күндөн калбай бүт чогулмак болуп эл тарады. Болжогон күнү Алтайдын ара талаасы адамга жык толуп кол чогулду.

Сегиз жүз миң адамдын ичинен кебе курсак чалдарды, күчкө толбогон балдарды, оору сыркоо, майыбы болуп эки жүз миң адамды үй-үйүнө таратып, калган алты жүз миң кол менен жолго аттанышты.

Мындай сюжет Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында жок. Башка манасчылардан Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында өзүнчө окуя катары Сагымбай Орозбаковдун вариантындагыдай эле Манас Карабөрктү алып Алтайга кайткандан кийин берилет: Жакып эл чогултуп кеңеш куруп, ата-бабанын жерине көчүп кетели деген чечимге келишет. Бирок, Манас адегенде барып жер чалып, байкап келмек болуп кырк миң кол алып аттанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4