Жакып жана анын аялдарынын түшүн жоруу

Википедия дан

Жакып жана анын аялдарынын түшүн жоруу — түш көрүүнүн жыйынтык бөлүгү. Жакып айылындагы жакындарын чакырып кеңешип, көп мал союп, канатташ жашаган кыргыз, калмак, казактарга кабар айттырып, ат чаптырып, чоң той берет. Келген эл тараганда Жакып кыргыз, казактардын ата уулу аксакалдарын алып калып, кыргыздардан Байжигитти, кыпчактардан Тазчеченди, нойгуттардан Акбалтаны, ногойлордон Эштекти, Түрктүн уулу Дамбылданы, Түмөнбайдын Абдылданы өз үйүнө киргизип, эр башына бирден кым кап, бир ичик жаап жолдугун жасагандан кийин аларга өзү жана аялдары көргөн түштөрүн айтып, жоруп беришин өтүнөт. Байжигит: «Жакыптын куш кармаганы эркек балалуу болору, ал баласы ай тийген жердин баарын алып, күн тийген жердин баарын күтөт экен. Алтымыш кулач жибек боо такканың ал балаң алтымыш жашка чыкканча аким болуп, журт сурайт экен.

Байбиче ажыдаарды ат кылып мингени ошол баланын ажыдаардай айбаттуу, арстандай кайраттуу болору. Шумкар кармоо кыздуу болуунун белгиси» — деп жоруйт. Бакдөөлөт көргөн түштү Дамбылда: «токолуң да эки эркек бала тууйт экен» — деп, жоруйт. Чогулгандар бата берип тарап кетишет.

Жышаналуу түштү атайлап салтанат менен жорутуу кеңири белгилүү сюжет. Саякбай Каралаевдин вариантында Жакыптын түшүн Акбалта «баатыр балалуу болот экенсиң, ал бала калмактардан өч алып, элди азаптан куткарат экен», — деп жоруйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4