Жалаң индуктивизм

Википедия дан

Жалаң индуктивизм (орус. Всеиндуктивизм) – индукцияга ашыра баа берген жана дедукциядан ажыраткан логикалык окууларды Энгельс келеке кылып атаган термин.

Таануу процесси бир учурда индуктивдүү дагы, дедуктивдүү дагы башталарын көргөзүп, Энгельс төмөнкү пикирди жазган: Синтез менен анализ кандай зарыл түрдө өз-ара байланышта болсо, индукция менен дедукция да ошондой тыгыз байланышта. Булардын бирөөсүн экинчисинин эсебинен асманга чейин бир жактуу көтөрмөлөй бербей, ар бирин өз орду менен колдонууга умтулуу керек. Ал эми ушул натыйжага булардын өз ара байланышын, өз ара бири-бирин толуктоосун эсибизден чыгарбасак гана жетише алабыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8