Дедукция

Wikipedia дан

Дедукция (лат. deductio – чыгаруу) – жалпыдан жекени алуунун логикалык жолу.

Кең маанисинде «Дедукция» логикалык корутундулоо процессин, башкача айтканда логиканын белгилүү бир эрежелерине ылайык жалпы сүйлөмдөрдөн-логикалык шилтемелерден ой бүтүмдөрүн алууну туюнтат. Дедукция үчүн ой бүтүмүнүн зарыл жана туура болушу мүнөздүү, башкача айтканда эгер негизги ой шилтемдери туура болсо, анда зарыл түрдө ой бүтүмү да туура болот. Ушул сапаты менен Дедукция индукциядан (лат. inductio – тартипке келтирүү),башкача айтканда эреже катары ой бүтүмдөрү ыктымалдуу, мүнөзгө ээ болгон жекеден жалпыга мүмкүнчүлүктүү карай жүргөн логикалык жолдон айырмаланат.

Жалпы принциптерге, жоболорго, аксиомаларга таянган илимдер Дедукциялык илимдер деп аталат (математика, теориялык механика, физиканын айрым тармактары жана башкар). Ал эми тажрыйбалардын айрым маалыматтарын жалпылоо жолу менен өнүккөн индуктивдүү илимдерге биология, топурак таануу, медицина жана башкалар кирет.

Дедукция – ой корутундулоонун бир түрү, мурдатан белгилүү болгон жалпы законченемдүүлүктү тигил же бул айрым учурга колдонуу. Мисалы, сандардын бөлүнүүчүлүк теориясындагы «цифраларынын суммасы 3 эселүү болгон бардык сандар 3кө бөлүнөт» деген жалпы эрежеден 67920 санынын 3кө бөлүнүшү жөнүндөгү корутунду келип чыгат, анткени бул сандын цифраларынын суммасы 3кө бөлүнөт.

Дедуктивдүү ой корутундулоонун мааниси өтө зор, анын жардамы менен илимде эң маанилүү ачылыштар ишке ашырылган. Мисалы, бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун жана Уран планетасынын кыймылы жөнүндөгү тажрыйбалардан алынган маалыматтардын негизинде Нептун жаңы планетасы ачылган.

Дедуктивдүү ой корутундулоо окутуу процессинде өтө кеңири пайдаланылат. Ал дедуктивдүү окуу материалын баяндоонун жана анын окуучулар тарабынан өздөштүрүлүшүнүн негизги формаларынын бири болуп эсептелет. Мисалы, геометрия боюнча болгон окуу китептериндеги материалдар көбүнчө дедуктивдик жол менен баяндалып берилген. Физика курсунда Жердин бетинде оордук күчүнүн бар экендиги, демек нерселердин эркин түшүү закондору да бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону аркылуу түшүндүрүлөт. Дедуктивдүү ой корутундулоо геометриялык сүйлөмдөрдө далилдөөгө өтө көп пайдаланылат. Мисалы, эгерде: «берилген төрт бурчтук – параллелограмм» деген факт белгилүү болсо, анда «ар кандай параллелограммдын карама каршы жактары параллель» деген жалпы эрежеге таянып, бул факттан: «Демек, берилген фигуранын карама-каршы жактары параллель» деген корутунду чыгарабыз. Демек, дедуктивдик ой корутундулоодо жаңы билим түздөн түз тажрыйба аркылуу эмес, башка билимдерди колдонуу аркылуу алынат. Дедуктивдүү ой корутундулоо баланын логикалык ойлоосунун калыптанышында чоң роль ойнойт, анткени ал окуучунун мурда билген билимдерин жаңы материалды өздөштүрүүгө пайдалана билүүсүнүн, тигил же бул конкреттүү сүйлөм жөнүндөгү өзүнүн оюнун тууралыгын далилдеп, логикалык жактан туура негиздей билүүсүнүн өсүшүнө түрткү берет. Дедукция конкреттүү ар бир учурду кубулуштардын бирдиктүү жайланышынын звеносу катарында кароого, окуяларды жана кубулуштарды өз ара бири-бирине байланыштыкта кароого үйрөтөт. Дедуктивдүү ойлонуунун негизинде окуучу алгачкы берилген маалыматтардан пайдалануу менен ал маалыматтардан башка жаңы маалыматтарга жана жаңы корутундуларга ээ болот. Алгачкы маалыматтардын объекттерин улам жаңы байланыштарда пайдаланып, алардын улам жаңы-жаңы касиеттерин ачат. Бул болсо окуучунун активдүүлүгү жана «продуктивдүү» ойлоосунун өсүшүнө түрткү берет. Дедукция окуучулардын себептүү ойлоосун калыптандырууда эң чоң орунду ээлейт. Мисалы, ысытуудан нерселердин кеңейиши жөнүндөгү физиканын законун билүү темир жол рельстеринин жайдын ысык күндөрүндө узарышынын себебин түшүнө билүүгө мүмкүндүк берет. Дедуктивдүү ой корутундулоону өздөштүрүү менен окуучу окулуп, үйрөнүлүп жаткан факттардын жана кубулуштардын арасындагы объективдүү байланыштарды жана катнаштарды ачып биле алат. Окуучулардын өздөрүндө болгон билимдерди практикада колдонуусунда, көбүнчө абстракттуу мүнөздө болуучу жалпы теориялык законченемдүүлүктөрдү өздөрүнүн турмушунда жана күндөлүк иштеринде кездешүүчү конкреттүү кубулуштарга пайдалануусунда дедукция негизги роль ойнойт. Дедукция. – мектептик билимдердин турмуш менен байланышын шарттап турган эң негизги ыкмалардын бири.

Дедуктивдүү жол менен билим алууда окуучу корутундуну алгачкы туура айтылыштардан пайдаланып жасоосуна контролдук кылуу зарыл, анткени жалган жоболордон пайдаланып жасалган туура Дедуктивдүү ой корутунду натура болот, туура эмес билим берет. Конкреттүү айрым учурларда берилген жалпы законченемдүүлүк колдонула турган гана окуялардын категориясына туура таандык кыла билүүгө үйрөнүү зарыл. Окуучулар дал мына ушундан кыйналышат. Берилген конкреттүү мисалды окуучулар кээде суроого жооп берүү үчүн корутунду жасоого боло тургандай жалпы жобого таандык кыла алышпайт. Мисалы, таяныч аянты канчалык чоң болсо, бет бирдигине туура келүүчү басым ошончолук кичине болоорун билүү менен окуучулар кээде төмөнкү суроого жооп бере алышпайт: «кайсы мала (тырмоо) топуракты терең майдалайт: 60 тиштүүсүбү же 20 тиштүүсүбү». Ошондуктан кандайдыр бир законду, жалпы жобону түшүндүрүүдө мугалим окуучуларга баарыдан мурда анын маанисин ачык, так баяндап, факттардын жана кубулуштардын белгилүү тобуна аны колдонууга мүмкүндүк бергидей анын жалпы принцибин, жалпы багытын көрсөтүүгө тийиш, конкреттүү факттардын жана кубулуштардын орчундуу, мүнөздүү белгилерин ажырата билүүгө үйрөтүүсү зарыл.

Анализ, синтез, абстракция, жалпылоо, салыштыруу менен катар Дедукцияда илим таанып-билүүнүн методу болуп эсептелет. Таанып-билүүнүн дедуктивдүү жолу анын индуктивдүү жолу менен тыгыз байланыштуу. Индукциянын мааниси жеке фактылардан жана айрым алынган мисалдардан жалпы жобого өтүүдө турат. Дедукция менен индукцияны туура байланыштырып пайдалануу эң баалуу билимдерди камсыз кылат. Бул жөнүндө Ф. Энгельс «Жаратылыштын диалектикасы» аттуу эмгегинде «Индукция жана дедукция өз ара синтез жана анализ сыяктуу зарыл түрдө байланыштуу. Анын бирөөнү экинчисинин эсебинен бир жактуу артыкчалап асмандаткандын ордуна ар бирин өз ордунда пайдаланууга аракеттенүү керек, буга эгерде алардын өз ара байланышын, алардын өз ара бири бирин толуктоолорун эстен чыгарбаган кезде гана жетишүүгө болот» деп көрсөткөн.

Мектепте индуктивдүү-дедуктивдик метод да өзгөчө эффективдүү болуп эсептелет. Бул методдун мааниси төмөндөгүчө: айрым учурлардан жалпы жобо жасалат да, андан кийин бул жобонун жардамы менен башка айрым факттар үйрөнүлөт. Мисалы, окуучулар кээ бир типтеги бир нече маселелерди чыгарышат да, ошонун негизинде ал типтеги маселелердин мүнөздүү, эң негизги жактарын белгилешет, бакача айтканда окуучуларда индуктивдүү жол менен маселелердин тиби жөнүндөгү түшүнүк калыптандырылат. Андан кийин окуучу кандайдыр конкреттүү маселе менен кездешсе, анын мазмунун анализдөө аркылуу ал маселеден бул типтеги маселелерге мүнөздүү болгон негизги белгилерди табат, жана ошонун негизинде аны ошол типке таандык кылат. Ошентип, индуктивдик жол менен алынган жалпы закон дедуктивдүү жол менен жаңы корутундуларды чыгаруунун негизин түзөт.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8