Жаманбаева, Тамара Кусеиновна

Википедия дан
Тамара Жаманбаева
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Тамара Бакиева
Туулган жылы: 14-май 1943-жыл
Туулган жери: Нарын шаары, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: артист, диктор
Наамдары:
  • 2008 - Кыргыз Республикасынын эл артисти
  • 2002 – «Даңк» медалы
  • 1989 - КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер


Жаманбаева (Бакиева) Тамара Кусеин кызы (14. 5. 1943-жылы туулган, Нарын облусу Нарын шаары) - туңгуч кыргыз теледиктору, КРдин эл артисти (2008), Кыргыз ССР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССР телерадиосунун отличниги (1970), КРдин телерадиосунун отличниги (2003). Фрунзе медициналык окуу жайын (1959), КМУнун журналистика факультетин (1968) бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор (1959-75), Программа боюнча директордун орун басары (1974-88), илимий-популярдык жана кино редакциясынын, Борбордук телерадиого көрсөтүүлөрдү даярдоо редакциясынын, Ош облустук телерадиокомитетинин башкы редактору, төрайымы (1988-92), КРдин Улуттук телерадиокорпорациясында программа боюнча директор (199294), вице-президент (1994-95), «Замана» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери (1995-2005, 2008), КРдин Улуттук телерадиокорпорациясынын радио боюнча координациялык борборунун директору (2005-07). 2009-жылдан «Ибарат» маданий борборунун продюсери. «Б. Миңжылкыевдин аткаруусундагы романстар» аттуу телефильмдин, республиканын юбилейлик даталуу күндөрүнө арналган көптөгөн телекөрсөтүүлөрдүн сценарийлеринин автору. Медалдар менен сыйланган. Эмг.: Жил, трудился, боролся, страдал, но побеждал. Б., 2003; Телевидение менин өмүрүм. Б., 2009.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1