Жаманкулов Кошкоро

Википедия дан

Жаманкулов Кошкоро (3. 3. 1924-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү) - согуштун жана эмгектин ардагери.

  • Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу жана II топтогу майып.
  • Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн (1947).
  • 1942-ж. согушка жөнөтүлгөн.
  • Ал Ленинград (1943), З-Беларус (1943), кайрадан Ленинград фронтторунда (19-март 1945-ж.) болуп, согушка катышкан.
  • 1945-жылдын 19-октябрында жеңиш менен мекенине кайтып келген.
  • Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн «Ата Мекендик согуштун» I, II даражадагы ордендери, «1941-45-жылдары Улуу Ата-Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» (20. 6. 1946), «Эмгектеги каармандыгы» (20. 8. 1946), «Жуков» (19. 2. 1996-жылдары) жана юбилейлик (9 жолу) медалдары менен сыйланган.
  • Согуштан кийин Тунук орто мектебинде дене тарбия мугалими, 1952-54-жылдары 1-Май орто мектебинде мугалим, 1954-70-жылдары Кайсар айылындагы Ленин колхозунун бөлүмүндө жумушчу болуп иштеген.
  • Учурда ардактуу эс алууда.
  • Кырбаш уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9